Китеп окурмандардын калын катмарына арналат.
Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам)
бул дүйнөдөгү акыркы күнү болчу. Ал күнү көз карегин-
дей болгон жалгыз кызы азирети Фатиманы (радиаллаху
анха) өзгөчө сыр айтчудай, кайтпас сапарга кетчудөй, көптөн бери көрө электиктен сагынгандай түрдө күтүп жатты. Анын кечиккенинен улам тынчы кете баштады. Кантип
тынчы кетпесин?! Чыдай албады, дароо кызына кабар
жолдоду.
Азирети Фатима чуркап жетип келди. Анын басышы Пайгамбарыбыздын басканына абдан окшош болчу.
Эшиктин босогосунан эми аттап киргенде атасынын ку-
банганын айтпа. “Кызым” деп бооруна кысып, кайра-кайра
жыттап тойбой жатты. Анан кызын жанына жакын олтургузуп, кулагына шыбырап бир нерселерди айтты. Азирети
фатима кармана албай көзүнөн мончоктоп жаштар агып,
жүрөгү эзиле ыйлап жиберди. Андан кийин кайра кулагы-
на бир нерселерди дагы шыбырап айтты. Бул жолу азире-
ти Фатима өзүн кармап, эмнегедир жылмайып койду.
Азирети Фатиманын 25 жылдык өмүрү ушул эки сез-
дун, ушул ый менен кубанычтын ортосунда заматта сызылып өттү
Отзывы
Отзывов пока нет.